Алай райондук прокуратурасы соттон Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын акциясына тыюу салууну өтүндү

Бүгүн, 6-июнда Алай райондук прокуратурасы Ахматбек Келдибековдун тарапташтары укук коргоо кызматкерлерине зомбулук көрсөткөнү үчүн жол тосуу акциясына тыюу салуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылды. Райондук сот учурда прокуратуранын арызын карап жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматка караганда, Алай райондук соту абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун жактоочуларына нааразылык акцияны башка жайда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Бирок соттун бул чечими азыркы күнгө чейин аткарылган жок.

Эскерте кетсек, депутат Ахматбек Келдибековдун боштондугун талап кылган эл 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан