Кубанычбек Кулматов "Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары" өнүктүрүү программасынын жаңы вариантын жарыялады

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында мэр Кубанычбек Кулматовдун "Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары" 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кайрадан иштелип чыккан варианты журналисттерге берилди.

"Биз ушул вариантты шаардык кеңештин жана коомчулуктун сын-пикирин эске алуу менен иштеп чыктык. Анын негизги максаты - жарандардын жашоо-турмуш сапатын жана деңгээлин жакшыртуу. Программада шаарда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн механизмдер, милдеттер жана максаттар чагылдырылат",- деп айтылат мэрдин сөзүндө.

“Бул программа эки бөлүмдөн турат. Биринчиси – Бишкекти өнүктүрүүнүн негизги багыттары, экинчиси – шаарды башкаруунун системин жакшыртуу. Негизги багыттар ошол эле бойдон калды. Булар “Ийгиликтүү шаар”, “Ыңгайлуу шаар” жана “Коопсуз шаар”. Ошол эле учурда шаардагы көйгөйлөрдү, учурдагы кырдаалды жана аткарылуучу милдеттерди коштук”,- дейт Кулматов.

“Бул программаны көзөмөлдөө үчүн Координациялык кеңеш түзүлөт. Ага шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, мэр, вице-мэрлер, райондук администрациялардын башчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү. Программа кандай ишке ашырылып жаткандыгы боюнча маалымат Бишкек шаардык кеңешке болжол менен жарым жылда бир жолу берилип турат”,- дейт мэр.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 1-апрелинде Бишкекти өнүктүрүү программасы Бишкектин шаардык кеңешинин талкуусунан өткөн. Ал эми 2-апрелде ал коомчулуктун талкуусуна сунушталган. Шаардык кеңеш программаны канааттандырбай койгондуктан, аны кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан