Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги КРнын Маданият министрлигинин алдында “Президентке Баткенден келген Шералы хандын чокою” аттуу акция өтүүдө. Иш-чарага 8 активист катышып, тартипти 10 чакты милиция кызматкери сактап жатат.
“Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Айбек Мырзанын айтымында, акциянын максаты - Баткен облусундагы көйгөйлөргө бийликтин көңүлүн буруу. “Баткенде курч маселелер көп. Мисалы, суу, электр энергиясы жана чек ара маселелери. Эгер бул көйгөйлөр чечилбесе, Баткен облусун жоготуп алабыз деген коркунучтабыз”,- дейт активист.
Мындан тышкары ал бардык облустарда чогулуштарды өткөрүүнү пландап жатканын белгиледи. Андан соң ал акциянын аталышын төмөнкүдөй түшүндүрүп берди:
“Илгери Борбор Азияда Кокон хандыгы болгон. Ал учурда Шералы хан бийликте болгонун билебиз. Бирок бийликке келгенге чейин ал жөнөкөй койчу эле. Эл аны хандыкка шайлаган. Бийликке келген соң Шералы кимдин колдоосу менен ийгиликке жеткенин унутпаш үчүн анын жакындары чокойду үйүнө илип коюуну сунушташкан. Ушул тарыхый окуяны белгилеп, Баткен эли президентке Шералы хандын чокоюн жөнөтүштү”.