“Караколдогу ат майданы талкаланып, жок болуп баратат” деп билдиришти бүгүн, 2-июлда өткөн маалымат жыйынынын алкагында “Камбар ата” ат сүйүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү.
“Каракол ат майданы деңиз деңгээлинен 2 миң метр жогору турган Кыргызстандын аймагындагы эл аралык стандарттагы жалгыз ат майдан болчу. Ат чабыш үчүн 2200 метр аралык ат чуркоочу жай бар. Андан тышкары 45 гектар аймагы жана 9 таза кандуу жылкы тукуму бар эле. Кыргызстанда күз айларында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уюштурулуп жатат. Ушулар эске алынып, элдин пайдасына кайтарылса болмок. Эгер сот дагы созула берсе, анда ат майданы талкаланып жок болот. Ансыз да азыркы ээлери ат майдандын айрым жайларын бузуп, баарын курулуш материалдары катары сатып жатышат”,- дейт ассоциациянын мүчөсү Токтобек Оторов.