Бразилия-2014: Бразилиялыктар жарым финалга чыгып сүйүнүшсө, колумбиялыктар көздөрүнө жаш алышты (фоторепортаж)

БРАЗИЛИЯ-КОЛУМБИЯ - 2:1

Голдор: Тиаго Силва (7-мүнөттө), Давид Луис (69-мүнөттө), Хамес Родригес (80-мүнөттө, пенальтиден). 

4-июлдан 5-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык жолдомонун экинчи ээси да белгилүү болду. Жарым финалга мындан 4 саат мурун гана жолдомо алган Германиянын атаандашы Бразилия курамасы болмокчу. Бразилиялыктар чейрек финалдык оюнда Колумбияны 2:1 эсебинде утуп алышты.

Бул беттеш көпчүлүктүн купулуна толору күн мурунтан айтылып келген. Буга чейинки 4 беттешинде тең жеңүүчү аталган Колумбия өз үйүндө ишенимдүү ойноп жаткан Бразилияга каршы турду. Албетте, эки команда үчүн тең оюн оңой болгон жок. Майданда командалар тактикалык жактан мыкты жайгаштырылгандыктан, эки команда тең чабуулга багытталган оюн алып барды. Бул жагынан командалар жогорку ылдамдыктагы оюнду, командалык оюнду жана мыкты каршы чабуулдарды күйөрмандарга тартуулап беришти. Оюндун тагдырын жалаң стандарттык абалдар чечти. Алгач бразилиялыктардан Тиаго Силва бурчтан чыгарылган топту голго айландырса, Давид Луис айып соккусунда топко атаандаштын дарбазасынан орун алып берди. Оюндун жыйынтыкталарына аз калганда гана Колумбиянын лидери Хамес Родригес пенальтиден гол киргизип, оюндагы эсеп катыштыгын 1 голго жеткирди. Жалпысынан стандарттык абалдарды эске албаганда, майданда кайсы бир команданын оюндун жүрүшүнө көзөмөл кылганын айтуу кыйын.

Оюндан кийин Колумбиянын оюнчулары көздөрүнө жаш алып, мелдеш менен коштошушту. Өзгөчө Халкка карата эреже бузуп, 2-голдун кирүүсүн шарттаган айып соккусу үчүн өзүн күнөөлүү сезип калган Хамес Родригес (Колумбиянын лидери) шолоктоп жатты. Ага үйрүлө түшүп мамиле кылган бразилиялыктар сооротууга аракет кылышты. 
Идеалдуу оюн деп эсептелген футболдун бир гана жаман жагы ушул, командалардын мыкты экенине карабай бири мелдеш менен коштошот. Андыктан жарым финалда Германияга каршы ойной турган Бразилияга ийгилик, ал эми үйүнө кете турган Колумбияга байсалдуу сапар кааламакчыбыз. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lotte
2014-07-05 04:35:07
Германия менен жарым финалдык беттеште Неймардын оюнга чыгуусун кутобуз!!!
0
mr_baigazy
2014-07-05 04:56:44
Luisтин тепкен голу жакты, эн мыкты тепти.Неймарды майып кылмай болушту го байкасам?
0
Jakai89
2014-07-05 08:03:51
Калумбия ото кырам ойноду атайлап эле тээп 10- номердеги баланы ..кырам ойногонуна дагы кудайым жардам бербеди. А Бразилья ото жакшы ойноду Бразильяага ийгилик
0
nookat
2014-07-05 16:09:00
Колумбия жакшы ойноду 10 номердеги оюнчу жалко болду аябай жакшы ойнойт экен.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан