Бразилиянын ишенген оюнчусу Неймар жаракатынан улам Дүйнө чемпиондугунун калган оюндарына катышпайт

Футбол боюнча Бразилия курамасынын лидери Неймар 4-июлдан 5-июлга караган түнү Колумбия менен беттеште алган жаракатынан улам Дүйнө чемпиондугунун калган оюндарына катышпайт. Жарым финалда анын командасы Германия курамасы менен ойнойт.

Бразилиялыктар чейрек финалдык оюнда Колумбияны 2:1 эсебинде утуп алышты. Оюндун жүрүшүндө Колумбия курамасынын коргоочусу Хуан Камило Суньига топ үчүн болгон күрөштө тизеси менен Неймарды тээп өткөн. Мындан улам Неймардын омуртка сөөгү жабыркап, оюнчу оюн талаасынан дарыгерлердин жардамы менен чыгарылган.

Бразилия курамасынын башкы машыктыруучусу Луис Фелипе Сколари "Дарыгерлердин айтымында, анын ден соолугу 6 аптанын ичинде калыбына келет экен. Неймар мындан ары ойной албаса керек деп ойлойм" деп билдирген.

Кошумчалай кетсек, Германия менен боло турган оюнга Бразилиянын курамынан коргоочу Тиаго Силванын да ойнобосу белгилүү. Себеби ал Колумбияга каршы оюнда сары айып кагазын алып калды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
malik.87kg
2014-07-05 23:05:13
Неймар жок эми бразиляга кыйын болду бирок бразиля утушун каалайм жениш силердики бразиля алга
0
oscar
2014-07-06 01:02:58
Неймар ойногондо деле Германия утат, Бразилия чыга албайт 1-2 орунга
0
Nurgazy80
2014-07-06 01:06:18
неймар үчүн Бразилия эли ыйлап атышат
0
tenshi
2014-07-06 03:53:19
Вся моя надежда на Бразилию умерла (((
-2
Melis2014
2014-07-06 03:55:58
Неймар дос м.н байланыштым ойунга чыгат
-2
Nuraxmad
2014-07-06 06:01:49
Кимге буйруса дал ошол алат ойунду. Бирок мен Германияга колдоо коргозуп келатам
-1
nurkasym-2014
2014-07-06 07:53:45
Германия ала ондуу болуп калды.
0
murat88
2014-07-06 08:29:08
neimardy azyr butun duino eli koldop ata
0
Begimkyz
2014-07-06 14:03:50
murat88, туура! Неймар болбосо Бразиялиянын оюну кызыксыз.
+1
Asus77
2014-07-06 17:19:21
Менимче Неймарга коз тийдигоо...
+1
insap
2014-07-06 18:40:49
Braziliya bul jolku meldextin qempiyonu bolboyt belem...
0
Danel
2014-07-06 19:06:51
Ишенген тоогум сен болсон,сенда талаага тууйсун деп,Бразилиялыктар Неймарга ыйлап жатышыптыр.
0
almaz90
2014-07-06 19:51:38
германия кучтуу Неймар ойногон тагдырда деле женип алышы мумкун...!
0
malik.87kg
2014-07-06 21:14:44
Бразиля женет неймарсыз фудбол кызыксыз бразиля алга
0
shiroker
2014-07-06 23:02:02
Germanya menen Niderlandy final buirusa....................
0
Мэри
2014-07-07 19:12:39
Неймар Бразилиянын эле эмес, дүйнөнүн сүймөнчүгү экен... Жаман болгон экен, а тиги тээп өткөн футболчу жазаланабы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан