Өкмөт: Кумшекердин баасы 53 сомдон 45 сомго чейин арзандайт

“Бүгүн Азербайжандан бизге 512 тонна кумшекер келди. Бул кумшекер аймактарда 44,8 сомдон сатылат”,- деди бүгүн, 8-июлда азербайжандык кумшекердин биринчи партиясын алуу аземинде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.

Анын айтымында, мындай ишти жүргүзүүгө кумшекердин “падышаларынын” саясаты түрткү болду. “Алар бааларды 60 сомго чейин көтөрүп жатышкан. Эл баанын кымбаттыгынан ала албай калууда”,- деди Сарпашев. 

"Бүгүн кумшкердин биринчи партиясы Бишкек жана Кара-Балта шаарларына келди. Кийинки партиялар өлкөнүн аймактарына жума сайын келип турат. Кумшекер алгач бала бакчаларга, социалдык объектилерге жеткирилет. Андан соң базарларга чыга баштайт. Жалпысынан 10 миң тонна кумшекер боюнча келишим түзүлгөн",- деди биринчи вице-премьер.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын май айында кумшекердин бир килограммы 53,35 сомго барабар болгон. Жалпы республика боюнча айына 8 миң тонна кумшекер керектелүүдө.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан