Баткендин Ак-Сай айылында бүгүн түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишти. Маалыматтар боюнча, окуядан Тажикстандын чек арачылары жаракат алганы айтылууда. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы учурда окуя такталып жатканын билдирди.
Айта кетсек, бүгүн, 10-июлда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушу улантылып башташы керек эле.