Орусия. Метродогу кырсыкта 1 кыргызстандык жаракат алып, 27 жаштагы айым көз жумду

16-июлда Москва убактысы боюнча саат 09:00гө карата Москва шаардык саламаттыкты сактоо департаменти метродогу кырсыктан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экенин ырастады. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргызстандын жараны Марасулов Медербек Матмусаевич шаардагы №20-бейтапканага жаткырылды. Маалыматтарга караганда, жаракат алгандардын жана каза болгондордун тизмеси толугу менен бүткөн жок. Жаракат алган 4 адамдын жарандыгы да тактала элек.

"Ошондой эле шаардагы №1-өлүкканага Кыргызстандын жараны, 1987-жылы туулган Мээрим Арунованын сөөгү алынып келингени айтылууда. Ал айымдын метродогу кырсыктан көз жумгандыгы тууралуу маалымдалган. КРнын Орусиядагы элчилиги бул маалыматты тактап жатат. Элчиликтин өкүлдөрү өлүкканага жөнөп кетишти" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жеткени, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Cholpon14
2014-07-16 14:21:38
Жаткан жери жайлуу болсун дейли!!!
0
elawbek.kg
2014-07-16 14:44:33
Адамдарды алып чыгып жатканын корсон ыйлагын келет.
+1
femida86
2014-07-16 14:46:34
Акыркы убакта массалуу турдогу олумдор кобойду. Заман тынч болсун.
+1
nargiz_96
2014-07-16 14:55:52
1 миллион береби эми ошонуда тактап жазгыла супер инфо москва мээри айткан эле кечк
0
ai_temir
2014-07-16 15:28:23
nargiz_96, Кырсыкка кабылган поездден 200дөй жүргүнчү эвакуацияланган. Окуя болгон жерге барган Москва шаарынын мэри Сергей Собянин курман болгондордун жакындарына 1 миллион рублден, ал эми жаракат алгандарга 500 миң рублден компенсация төлөнөрүн билдирди.
+2
ai_temir
2014-07-16 15:29:08
ai_temir
2014-07-16 15:30:46
ai_temir, Адамдар каза болуп жатканда кечээ акча берем дедин деп сурап барган туура эмес ко дейм. Кимдир бироо энесиз калды. бироо баласыз калды кырсыктан кийин. аза кутуу буткондон кийин берер.
+1
Jakai89
2014-07-16 15:17:13
Москва сааты боюунча 8:38минут откондо болду деп жататко аа биздикилер бугун болсо 9:00 деп жазыптыр а эртеге 10:00 деп жазышпаса болгону
+1
aikow92
2014-07-16 15:26:39
Jakai89, Кыргызстандыктар бар экенин тышкы иштер министрлиги саат 09:00го карата берилген маалыматка таянып айтыптыр. Кырсык 15 июль куну эртен менен болгонун биздикилер кечээ http://www.super.kg/kabar/news/75549/ жазышыптыр. Эртен саат 10 деп жазышса мен тан калбайм. анткени маалымат эртен саат 11де да башкача айтылып калышы мумкун.
+1
admin_portal
2014-07-16 16:56:03
aynurchik
Кечээ, 15-июлда кырсык болгон учурда КРнын Тышкы иштер министрилиги "жабыр тарткан кыргызстандыктар жок" деген маалымат берген. Кечээ, бүгүн каза болгон, жаракат алгандар такталып, алардын ичинде бир кыргызстандык жаракат алып, бир КРнын жараны каза болгондугу тастыкталды.
0
aikol87
2014-07-16 17:05:17
Кудай сактасын. Алыста жургон сон тынч журолу. Бизде да кече авария болуп 30 жаштагы бала каза болду.
0
Aizhanka91
2014-07-16 18:00:06
Jatkan jeri janattan bolsun!
0
gulperi.kg
2014-07-16 18:00:07
Ошо айтам кантип эле кыргы жок деп.Метрого киргенде вагондон жоок дегенде 1кыргыз корот элем.
0
insap
2014-07-16 18:48:56
Жараткан Алла бейишин буйурсун!
0
tagaev-92
2014-07-16 20:57:51
супер инфо кыргызстандык жок деген елего ХХХ?
-1
nargiz_96
2014-07-16 21:43:23
tagaev-92, тактап секин жазатта эй чыдап турсан
0
admin_portal
2014-07-17 09:05:28
tagaev-92 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
15-июлда, кырсык болгон күнү КРнын Тышкы иштер министрилиги "жабыр тарткан кыргызстандыктар жок" деген маалымат берген. Кырсыкта каза болгон, жаракат алгандар такталып, алардын ичинде бир кыргызстандык жаракат алып, бир КРнын жараны ка
0
Tagdyr
2014-07-17 09:08:27
tagaev-92,
Эй сен тамга тааныйсынбы, кырсык 15де болуп, анда баардыгы тактала элек болчу да. Баардык жакта эле КРлыктар жок деп жаткан. Кийин бир кыз каза болуп, бир бала жаракат алганы билибедиби. Устундо Админ тушундуруп деле кетиптир го. Толук окубай туруп жиндидей суроо бергендер кишини куйгузот да!
0
Lumia-800
2014-07-16 23:04:09
Жаман болуптур чындыгында.
0
suma92013
2014-07-16 23:42:13
жаткан жери жайлуу болсун
0
Bakin85
2014-07-17 00:44:23
Баарынан да каза тапкан Мээрим Арунованын боюнда болуп жакында кырг-га даярданып жатканы окунучтуу болуп атпайбы
0
tolkun85
2014-07-17 01:18:40
жаткан жери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан