Бишкекте 22-июль күнү "Тез жардам" кызматы алып барган бейтапты ооруканалар кабыл албай, 6 сааттан ашуун унаада жүргөн жаран каза тапты. Аталган факты боюнча КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинде комиссия түзүлүп, кырдаал талкууланууда. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ "Тез жардам" кызматы 6 сааттын ичинде өпкө артериясынын тромбоэмболиясы менен ооруган бейтапты Миррахимов атындагы Кардиоборборуна, Улуттук госпиталга жеткирип, бирок ооруканадагылар кабыл албай коюшкан. Медициналык мекемелер кандайдыр бир себеп менен аны кабыл алуудан баш тартып, жардам беришкен эмес. "Тез жардам" кызматы бейтапты бир стационардан экинчи стационарга ташып, 6 сааттан кийин бейтап шаардагы 6-ооруканага жаткырылган. Бир нече убакыт өткөндө ушул мекемеде ал жаран каза тапты.
Учурда өлүмдүн себебин аныктоо боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.
Өпкөнүн артериясынын тромбоэмболиясы – өпкөгө канды алып барган артерияда тромбдун пайда болушунан улам кандын жүрүшүнүн күтүүсүз токтоп калышы.