Америкалык жаран менен кыргызстандык айымдын Небраска штатында бейиттин аймагындагы чиркөөдө никеге турганы талкуу жаратты. 101 жылдык кичинекей чиркөөдө көпчүлүк учурда адамды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлөт. Диний жөрөлгөлөр аткарылгандан кийин табыт жер төлөгө түшүрүлөт.
Никеге туруп жаткан айым туулган жеринде арбактарга ишенишерин айтып, бейитте өткөн үлпөт той ыңгайсыздык жаратпаганын билдирген. Анын жолдошу өзүнүн туугандары ошол бейитке жерге берилгенин айтып, алардын үйлөнүү алдындагы антына миңдеген тирүү жана өлүү жандар күбө болушарын кошумчалаган. Ошондой эле Англиядагы ата-энесинин үйү да айылдык мүрзөнүн жанында жайгашканын жана мындай жерлер ал үчүн кадимки көрүнүш экенин айткан.
Жаңыл Жумадинова менен Оливер Бонэм-Картер Пенсильванияда жыл башында чакан маараке өткөрүшкөнү белгилүү болду. Бирок алар достору, тааныштары жана Кыргызстандан келген туугандары үчүн чиркөөдө никелешүү салтанатын уюштурушкан.
Forest Lamp бейити 141 гектар аянтты ээлейт. Ал жерге 100 миңден ашуун адамдын сөөгү коюлган. Бул тууралуу 24-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.