Социалдык фонддун кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик сатып алууларда бир катар мыйзам бузуулар катталганы аныкталды

Социалдык фонддун кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик сатып алууларда бир катар мыйзам бузуулар катталганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 2008-жылы Социалдык фонддун буйругу менен пенсиялык системдеги программалык камсыздоону иштеп чыгуу кызматтарын сатып алуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бирок аталган фонддун жооптуу кызмат адамдары өз милдеттерин одоно бузуу менен өткөрүлгөн тендерде каралбаган сатып алуулар тизмегин бекитишкен. 2011-жылы Социалдык фонд “Азия-Инфо” ишканасына байланыш кызматы үчүн 5 миллион 773 миң сом төлөгөн.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан