Бишкекте бокс боюнча улуттук курама командалар арасында мелдеш өтүүдө (фоторепортаж)

Бүгүн, 2-августта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Сарайында бокс боюнча улуттук курама командалар арасында мелдеш өтүүдө. Анда Кыргызстан, Орусия, Кытай, Түркмөнстандын боксчулары 10 салмактык бөлүктө (49 кг, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91, 91 килограммдан жогорку салмакта) катышууда.

Алдын ала ташталган чүчү кулактын негизинде Орусия курама командасы менен Кытай курамасы кез келип, командалык эсепте уткан команда финалдык жолдомонун ээси болот. Ал эми он мушкерден турган Кыргызстан курама командасы финалга чыгуу үчүн Түркмөнстан менен кез келет. Финалдык беттештер эртең, 3-августта саат 14:00дө башталат.

Иш-чаранын ачылыш аземинде сүйлөгөн КРнын Бокс федерациясынын башчысы Абдыбакыт Халмурзаевдин айтымында, аталган мелдеш кыргызстандык мушкерлер үчүн сентябрь-октябрь айларында Түштүк Кореяда өтүүчү Азия оюндарынын алдында чоң тажрыйба болот. "Биздин боксчулар спорт аркылуу эл аралык достукту бекемдеп жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык",- деди ал.

Дүйнөнүн бокс боюнча 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров "бокс аянтчасында катуу мушташтардан кийин ысык саламдашуулар болсун" деп мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.

Футбол боюнча белгилүү кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров мелдештин калыстарына ийгиликтүү ишти каалап, "күйөрмандар бул спорт түрүнөн рахат алып, жакшы маанайда кетишсин" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elgiz0890
2014-08-02 18:02:35
алга кыргыз алга мен силердин женишинерге ишенем ийгилик силерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан