Ысык-Көл облусунда “Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги” аттуу төкмө акындардын республикалык айтышы орун алууда. Бул тууралуу 9-августта облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Иш-чара 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына, мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына, төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына, манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына жана Ысык-Көл облусунан чыккан белгилүү манасчылар Чоюке Өмүр уулунун 150, Кааба Атабековдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына карата өтүүдө.
Өлкөнүн туш тарабынан келген төкмө акындардын “Айтыш-2014” салтанаттуу иш-чарасынын ачылышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө мамлекеттин ички бүтүндүгүн, элдин ички биримдигин бекемдөөдөн башталат. Ал эми бизге улуу манасчыларыбыз аркылуу жеткен ыйык "Манас" эпосу - кыргыз эли тутка катары тутунуп, карманып келген улуу сөз, улуу баян. Анын эң башкы сабагы болгон кыргыз элинин көз карандысыздыгы - кыргыз элинин өз алдынча туу көтөрүп, өз алдынча мамлекет болуп туруу кыялы”,- деди.
Ошондой эле дастанчы, манасчы, төкмө акындардын башын бириктирип турган саамалыктын катышуучуларына ийгилик каалап, келечектеги муундарга сабак боло турган сөз өнөрүнүн мындан ары өсүшүнө тилектештигин билдирди.