10-августта белгилүү шоумен жана “тамашоучу” Кубат Кубанычбеков Айжан аттуу кызга үйлөндү. Бишкектин тойканаларынын биринде өткөрүлгөн үйлөнүү тоюна шоу чөйрөнүн көптөгөн өкүлдөрү күбө болушту.
Тойдо тамадалык тизгинди Бакыт Байсариев колго алды. КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчылар Анжелика, Омар, Арсен, Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркулов, "Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев жана башкалар жаш жубайлардын кубанычын тең бөлүштү.
Жаштардын бакытына күбө болгон ырчы Омар: “Мен бул эки жашты мурда эле суктанып карачумун. Анткени алардын бойлоруна бойлору, келбети бири-бирине төп келишип тургандыктан, караганга да жагымдуу. Бул күнү да ширелишкен жубайлар көздүн жоосун алып турушту. Той креативдүү уюштурулуп, оюн-зоок, шоу-программаларга бай болду. Анда коноктор отурган столдорго ар кайсы улуттун кийимдери таратылды. Бизге кавказдын формасы туш келип, "Лезгинка" бийин бийледик. Көбүнчө тойлордо биз кызмат өтөйбүз го, конок болуп барганда деле минтип ойноп-күлбөптүрмүн, биринчи жолу оюнга катыштым. Бул аябай жагымдуу болду. Ал эми Кубат менен Айжандын тууру бекем болсун!”- деди.
Үй-бүлө очогун жаңы тутандыра баштаган жаш жубайларга SUPER.KG порталы бакыт каалайт.