Бүгүн, 13-августта укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында Беларусь президенти Александр Лукашенконун Курманбек Бакиевге “Элдердин достугу” сыйлыгын бергенине нааразы болуп, кепинге оронду.
Укук коргоочу бул кылыгын элчилик алдында 7-апрелде Ак үй алдында курман болгондордун арбагы жүргөндүгүн көрсөткүсү келгендиги менен байланыштырды. Ошондой эле ал Лукашенко Курманбек Бакиевге “Элдердин достугу” сыйлыгын бергени кыргыз элин шылдыңдоого жатарын жана Бакиевди камоо боюнча соттун өкүмү чыккандыктан, Кыргызстанга экстрадициялашы керектигин айтты.
Айта кетсек, ушул жылдын 1-августунда Беларустун президенти Бакиевге туулган күнүндө Элдердин достугу орденин тапшырганы айтылган болчу.