Футбол боюнча Испаниянын Суперкубогунда мадриддик клубдар “Реал” менен “Атлетико” тең ойноду

19-август түнү футбол боюнча Испаниянын өткөн жылдагы чемпиону “Атлетико” менен Испаниянын кубогунун ээси “Реал” өлкөнүн Суперкубогу үчүн беттеш өткөрүштү. 2 оюндан турган Суперкубоктун алгачкы оюну 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Бул эки клуб май айында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалында кез келип, анда “Реал” жеңүүчү аталган эле. Ошол оюнду эске алып, Европанын акыркы сезонундагы 2 эң мыкты командасынын ортосундагы оюнду көрүүгө ашыккандар көп болду. Жылдыздуу курамды чогултуп алган “Реал” өз үйүндө кабыл алып жатып эсепти ачууга жетишти. Оюн эсеби ачылганда оюндун бүтөрүнө 10 мүнөт гана калган, бирок “Атлетико” өз убагында күүгө келип, эсепти теңегенге үлгүрдү.

Жооптук оюн 22-августтан 23-августка караган түнү орун алат.   

“Реал”“Атлетико” - 1:1

Голдор: Хамес Родригес (81-мүнөттө). Рауль Гарсия (88-мүнөттө)   

Испаниянын Суперкубогу. "Реал" - "Атлетико" (Алгачкы оюн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
danik0101
2014-08-20 10:10:57
Кутулбогон оюн болду атлетико азамат...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан