Өзгөчө кырдаалдар министри тез арада “Кооптуу жай” картасын жаңыдан иштеп чыгууну тапшырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 19-августта министрликтин тиешелүү жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда катталып жаткан кырсыктардын алдын алуу, алардын кесепеттерин өз учурунда жоюу маселеси каралды. Бул тууралуу 20-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы полковник Мухамед Сваров жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сууда сүзүүдө жана башка кырсык учурунда жарандарды өзүн алып жүрүүгө окутуу иш-чаралары жүрүп жаткандыгына токтолду.

Министр жыйынга катышкан жетекчилерди кырсыктардын түрү, саны өсүп жатканда ошого ылайыктуу ыкчам аракеттенип, жаңыча ыкмалар менен иштөөгө чакырды. "Күн сайын жол кырсыгынан, сууга чөгүүдөн жарандар каза болуп жатат. Бул боюнча башка министрликтер менен тыгыз иш алып баруу зарыл. Ал биздин милдетке кирбегени менен, биздин мамлекеттин жарандары каза болуп жатат, жок дегенде адам өмүрүнө кайдыгер карабай, ошонун алдын алууга аракет кылалы”,- деди Кубатбек Боронов.

Бул боюнча картаны тез арада кайрадан иштеп чыгуу боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырма берди. Ал эми “Кооптуу жай” картасын кайрадан иштеп чыгуу боюнча ишке жетекчилик кылууну министрликтин Ыкчам башкармалыгынын башчысына милдеттендирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан