Мэр Айтмамат Кадырбаев 20-августта Манас-Ата аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугушуу учурунда Ош шаарында жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу 5 миңден ашуун муктаж үй-бүлө акысыз түрдө суюлтулган газды колдонуу үчүн газ плиталары менен камсыз болушарын билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстан жаратылыш газын калыбына келтирүү үчүн анын ордуна Кыргызстандын аймагынан бир нече жерди берүүнү, ошондой эле Сох анклавына коридор ачууну талап кылууда.
Ошону менен катар Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна каршы чыгып жаткандыгын кошумчалады.