Интернетте Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын өз атасына жолуга албай “аталап” ыйлаган видеосу талкуу жаратууда.
Бүгүн, 22-августта пайда болгон видеодон Гүлнара Каримова уул-кызы менен президенттик сарайдын алдында атасы менен жолугууга аракет кылышканын көрүүгө болот. Ал жерде куралчан аскер адамдары жана катардагы жарандар Гүлнаранын “аталап” ыйлаганына карабай атасы тарапка өткөрбөй коюшкан. Кыш маалында тартылганы болжонгон видеодон Г.Каримованын тегерегиндегилердин гүл кармап алганы даана көрүнгөн. Айрымдар бул видеону Ислам Каримовдун туулган күнүндө тартылган болушу мүмкүн дешүүдө (президент 30-январда төрөлгөн). Себеби Г.Каримова буга чейин атасынын туулган күнүндө ага жолугууга аракет кылганын, бирок мүмкүн болбогонун айткан.
Ошондой эле BBC кызматына Г.Каримованын аудио жөнөткөнү, анда “Биз үйдөн тышкары жакка чыга албайбыз. Бизди иттикинен да жаман шартта кармап турушат. Менин манжаларымды сындырууга аракет кылышты. Психологиялык басым да жасашты” деп айтылганы маалымдалууда.