Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов өкмөттүн 22-августтагы жыйынында ички иштер министри Абдулда Суранчиевди "эркекче сүйлөшүүгө" чакырды. Алымкулов "ММКларга туура эмес маалымат берүүдө" деп Суранчиевге айып коюп, "Сен эмне президентсиңби? Сен эмес, бизде мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев" деген сөздөр чыкты. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев эки министрди тартипке чакырып, эскертүү берсе да, Алымкулов кыйкырганын токтотподу. Кесиптешин "өлкөдөгү башкы коррупционер" деп да атады. Көп өтпөй "эркекче сүйлөшүү" үчүн Суранчиевди коридорго чакырды. Ызы-чуу сыртта да уланды. Алиясбек Алымкулов өзүнүн кызуу кандуулукка алдырганы боюнча ММК өкүлдөрүнө жооп берүүдөн баш тартты жана муну иликтей турган комиссия түзүлөрүн айтты.
Ал эми Суранчиев кесиптеши эмне үчүн айыптап жатканын түшүнбөй жатканын билдирди.
"Бир апта мурун жол эрежесин бузганы үчүн МАИ кызматкерлери Алымкуловдун аялын кармашкан. Ал (ред.А.Алымкулов) мага телефон чалды. Мен Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевге чалып, кырдаалды териштирүүнү тапшырдым. Тил табыша албай калган өңдүү",- деди Суранчиев.