Голливуд жылдыздары Брэд Питт менен Анжелина Жоли Францияда расмий түрдө үйлөнгөнү боюнча жар салышты

Голливуд жылдыздары Брэд Питт менен Анжелина Жоли Францияда расмий түрдө баш кошушканы боюнча жар салышты. Бул кубанычтуу кабарды алардын басма сөз катчысы тастыктаганын чет элдик массалык маалымат каражаттары бүгүн, 29-августта жазып чыгышты.  

Буга чейин 50 жаштагы Брэд менен 39 жаштагы Анжелина 9 жыл жарандык никеде жашашкан. Алар 6 баланы тарбиялап келишет.

Маалым болгондой, үйлөнүү той Франциянын Шато Мировал аттуу жеринде өткөн дем алыш күндөрү орун алган. Салтанатка алардын эң жакын достору, туугандары, 6 баласы жана чиркөө кызматкери күбө болгон.

Жубайлардын тоюнда 10 жаштагы Пакс жана 13 жаштагы Мэддокс энесин чиркөөнүн төрүнө жетелеп барышкан. Ал эми шакекти 6 жаштагы Нокс жана 8 жаштагы Шилох көтөрүп чыгышкан. 9 жаштагы Захара жана 6 жаштагы Вивьенн розанын желекчелерин ыргытып турушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
osh93
2014-08-29 11:20:43
Тушунуп болбойт буларга
+1
Mairam1991
2014-08-29 12:59:41
Самая красивая пара!
+3
Desmond
2014-08-29 14:03:29
Анжелина ((((((((((((
0
youngyoung
2014-08-29 19:22:18
хе, балдары бугун апам менен атамын тою деп даярданышыптыр да )))))
+1
koke
2014-08-30 12:15:10
Молодцы
0
Feijipiao
2014-08-30 16:47:19
Экооно суктанамда,коз тийбесн.
0
baiysh0704
2014-08-31 07:30:06
Бул экоо эрди катын эле го, дагы эмне кылып жатышат?
0
Mir82
2014-08-31 22:37:54
baiysh0704, булар баягы мышык курсагы тойгондон кийин колу бетин жуугандай эле, биринчи жатып, жашап коруп анан жакса уйлонушот
0
aida2013
2014-09-01 14:34:44
куйоосу абдан жаш корунот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан