Президент "сасык" саясатчылар жөнүндө айтып жатканда микрофон иштебей калды

Бүгүн, 31-августта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев “Бүгүн "Кыргызстан бөлүнсүн, жок болсун" дегендер аз эмес. Мына быйыл да коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат. Ага өзгөчө “сасык” саясатчылар сүйүнүп жатышат” деп айтып жатканда микрофон өчүп калды. Адистер бир мүнөт өтпөй эле жабдууну оңдоп коюшту. Анда президент сөзүн кайталап, төмөнкүлөрдү айтты:

“Ички жана тышкы душмандар "Кыргызстан бөлүнүп, жок болсун" деп тилеп отурушат. Ичибизден ыркырашып, бири-бирибизди күнөөлөп, бөлүнсөк, душмандардын отуна май куйган болобуз. Биримдиктүү, ынтымактуу эл боло албасак, эгемендүүлүктү да сактай албайбыз. Ачык айтканда, тышкы душмандарга караганда ички душмандар, көзкамандар, элди бөлүп-жарган "сасык" саясатчылар биздин мамлекет үчүн кыйла коркунучтуу. Ошондуктан “өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” деп элибиз айтат. Ошондуктан тышкы күчтөр да үмүтүн ошолорго артып, каржылап жатышат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасы 23 жашка толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан