Эрнест Абдыжапаров: "Курманжан датка" тасмасы - жаратуучулардын гана эмес, мамлекетибиздин жеңиши" (фоторепортаж)

Бүгүн, 31-августта Бишкекте Кыргызстанда тартылган “Курманжан датка” аттуу тарыхый тасмасынын бет ачары болду. Аземге КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият жана искусство өкүлдөрү, тасманын жаратуучулары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Кайраттуулук, акылмандык, көрө билгичтик өңдүү асыл сапаттарды боюна сиңирген Курманжан датканын тагдырына көрүүчүлөр алгачкылардан болуп тасмадан күбө болушту. Кыргыз элинин азаттыгы үчүн элин биримдикке үндөп, мекенчил болууга чакырган энеге берилген тагдырдын соккуларын көрүүчүлөр жүрөктөрүнөн өткөрүштү. Жан шериги болгон Алымбек даткадан, жумурай журттун бүтүндүгү үчүн эки уулунан ажырап жесир калса да, датка айым кайратынан жазбай элин башкарып, тарыхта алтын тамга менен жазылып калды.

Үч жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулду. Максатына жеткен тасма экенин ушундан билиңиз, соңуна чыкканда көрүүчүлөр туруп алып кол чабышты. Аны жараткан чыгармачыл топко ыраазычылыктар, алкыштар айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы эң кымбат тасманын бюджети 70 миллион сомду же болбосо 1,5 миллион долларды түзгөн. Ал Монреаль жана Орусияда өткөрүлгөн кинофестивалдарда көрсөтүлүп жогорку баага татыса, жакында Кытайда өтчү Улуу Жибек жолу мамлекеттеринин Биринчи эл аралык кинофестивалына катышууга сапар алат.

Фильмдин режиссёру - Садык Шер-Нияз. Курманжан датканын ролун Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматова, Элина Абай кызы, Лунара Аясканова, Алымбек датканын образын актёр Азиз Мурадиллаев ачып берди. Тарыхый эпикалык тасманы композиторлор Мурзали Жээнбаев менен Бакыт Алишеровдун музыкалары коштойт.

Аталган тасманы “Кыргызфильм” жана “Айтыш фильм” студиялары 2012-жылы тартып баштаган.

Алымбек датканын ролун майына чыгара аткарып берген актёр Азиз Мурадиллаев буларга токтолду: Эмне болорун алдын ала билген саясатчы Алымбек датканын образын ачып берүүдө чоң жоопкерчилик турду. Анткени анын урпактары азыр дагы бар. Жаш болгон үчүн ушундай улуу инсандын ролун ойноп калам деп ойлогон эмесмин, бул мен үчүн чоң сыймык”.

Тарыхый тасмага биринчи жолу тартылып жаткан Элина Абай кызы: “Тасмага кокустуктан келип калдым десем болот. Анткени боюм узун, арык чырай кыз болгондуктан, бул тасмага чакырганда таң калгам. Видеого, фотого тартып көрүштү. Буйрук экен, өтүп кеттим. Мойнума чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, коркуп жаттым, үмүттөрүн актабай калсамчы деп. Бирок устаттарымдын жардамы менен кыргыз элинин эгемендүүлүгүн каалап келген апабыздын образын жаратуу мен үчүн сыймык болду”,- дейт.

“Эгерде баарыбыз томсоруп чыккан болсок, "Садык күнөөлүү" деп айтышмак. Баарыбыздын маанайыбыз көтөрүлүп, кубанып чыктык. Бул ушул тасманы жаратуучулардын гана эмес, жалпы киночулардын, кыргыз элинин, мамлекетибиздин жеңиши. Эң негизгиси, "бирдиктүү бололу, курмандык чалынса да, кыргыз элин сактап, мамлекеттүүлүктү түптөйлү" деген идея көрүүчүлөргө үрөн болуп себилип калды”,- дейт режиссёр Эрнест Абдыжапаров.

"Курманжан датка" тасмасынын расмий трейлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
begusia
2014-08-31 21:19:03
Бишкеке барарым менен ушул киного барам буйурса.....
0
Desmond
2014-09-01 02:26:49
Интернеке эки жылдан кийин чыгат да эээ???
0
daniyar.kg92
2014-09-01 03:14:04
Москвага качан кеялишет ?
0
Dadasdasd
2014-09-01 07:17:06
daniyar.kg92, Демилге көтөрүп, арекет кылсаңар алып барса керек деген үмүттөмүн. мен Бишкекте бүгүн 1 сентябрда көрөм буйруса.
0
bai.kymbat
2014-09-01 10:52:31
супер инфо- Элина Абай кызынан интервю алгылачы?Сураныч!
+1
admin_portal
2014-09-01 11:01:17
bai.kymbat, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Zulin
2014-09-01 12:50:56
Супер Инфо,Жылдыз Жолдошованын Бул кинопроектте орду чон,аны да айтсаныздар,ал Адам демилгелебесе Бул тасма болмок эмес
0
goodman02
2014-09-01 16:43:52
Zulin, оа Жылдыз эжеге да рахмат,
+1
nagi82
2014-09-02 11:21:24
Элина арык чырак деп мактанып жибергенго озун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан