Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк бөрү боюнча курамы катышпайт. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касенов билдирди.
Алмаз Касеновдун айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Түркиянын, Ооганстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Монголиянын жана Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командалары беттешет. Учурда оюндар башталып, Кыргызстандын 2 командасы менен Ооганстандын курамы ойноп жатат.
"Оюнга Казакстандын курамы да чакырылган, бирок алар оюнга катышуудан баш тартышкан",- деди Алмаз Касенов.
Азырынча казак командасынын оюнга катышуудан баш тартканынын себеби айтыла элек.