Кыргызстанга франциялык футболчулар, Дүйнөнүн жана Европанын чемпиондору Юрий Жоркаефф менен Кристиан Карамбё келет

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы (мурунку "Спартак") стадиондо 27-сентябрь күнү "Легенда кубогу" үчүн футболдук беттеш орун алат. 
Үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан оюнда кубок үчүн бишкектик "Алга" менен Оштун "Алай" курамалары ат салышат. Ага Франциянын улуттук курамасында 1998-жылы футбол боюнча Дүйнөнүн жана 2000-жылы Европанын чемпиондору Юрий Жоркаефф менен Кристиан Карамбё келет. 
Коноктор эки командага бирден кошулуп бир тайм ойношору күтүлүүдө. Бул тууралуу 11-сентябрда КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sheva
2014-09-12 05:53:16
Жакшы, жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан