Кыргызстанга өтө албай кыргыз-казак чек арасында турган күйүүчү май жүктөлгөн 500 вагон боюнча Казакстанда кылмыш иши козголду. Муну өкмөт башчы
Жоомарт Оторбаев 18-сентябрдагы парламент жыйынында айтты. Премьер бул маселе азырынча чечиле электигин билдирди.
"Казакстандын Башкы прокуратурасы бул факт боюнча иш козгогон, тергөө жүрүп жатат. Бирок бул вагондордон башка жүктөр өтүүдө. Кыргызстанда учурда күйүүчү майдын тартыштыгы жок",- деди Оторбаев.
Премьер-министр өлкөгө 1000 метр кубун 165 доллардан газ алуу маселеси толук чечилгенин айтты. "Орусия Казакстандын түндүгүнө газ берет, алмашуу ыкмасы аркылуу Казакстандан биздин өлкөгө газ бермей болду",- деди ал.