Жылнаама, 20-сентябрь: Мындан 12 жыл мурун Орусияда тасма тартып жүргөн топ, анын ичинде актёр жана режиссёр Сергей Бодров мөңгү астында калып каза болушкан

* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Түндүк Осетиянын Кармадон капчыгайында Колка мөңгүсү көчүп, орусиялык “Связной” тасмасын тартып жүргөн топ, анын ичинде белгилүү актёр жана режиссёр Сергей Бодров мөңгү астында калышкан.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Кыргызстанга кирген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары менен өкмөттүк аскерлер ортосунда Сырт жана Газ аймагында айыгышкан согуш жүргөн. Согушчандар айыл-кыштактарды, бейкапар жаткан калкты талап-тоноп киришкен. Мындан улам Баткенден качкандардын саны 5000 адамга чамалаган. 
* Мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы италиялык актриса жана ырчы Софи Лорен (өз аты Софи́я Вилла́ни Шиколо́не) туулган. Ал Канн (1961-жылы), Венеция (1958, 1998, 2002-жылдары), Москва (1965, 1997-жылдары), Берлин (1994-жылы) кинофестивалдарындагы сыйлыктардын ээси, "Алтын глобуска" беш жолу татыктуу болгон актриса, чет тилдеги ролу үчүн биринчи жолу берилген "Оскар" сыйлыгынын ээси. Ал Рим шаарында жарык дүйнөгө келип, бир катар сулуулук сынактарына катышып, жеңүүчү аталган. 1955-жылы актриса тартылган фильм Италиядан башка мамлекеттерге тараган. Ал Голливуддагы карьерасын 1957-жылы баштаган.  
* Мындан 87 жыл мурун, 1927-жылы саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Фрунзедеги Гидромелиоративдик техникумду, Ташкенттеги Ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтун бүтүргөн. Чүй сугат тармагы башкармалыгында гидротехник, Кыргыз ССР ИАсынын Суу чарбасы жана энергетика институтунун кенже илимий кызматкери, Кыргызстан КП БКнын илим, жогорку окуу жайлар жана мектептер бөлүмүнүн инструктору, Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы, Кыргыз ССР Мелиорация жана суу чарба министри, Кыргызстан КП БК катчысы, Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы болуп иштеген. СССР Жогорку, Кыргыз ССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1980-жылы каргашалуу окуянын кесепетинен 53 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
20-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан