Бишкек шаарында үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, үч эмди №1-төрөт үйүндө 39 жаштагы Узакова Элзар аттуу эне жарыкка алып келди. Дарыгерлердин айтымында, учурда ымыркайлардын абалы канааттандырарлык. Алардын бири толук жетилбегендиктен, азырынча дарыланып, жасалма жол менен азыктандырылат.