Оштун “Алай” футболдук клубу “Легенда кубогуна” катышуудан баш тартты

27-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Легенда кубогу” үчүн болгон футболдук беттеш өтөт. Буга чейин кубок үчүн бишкектик "Алга" менен Оштун "Алай" клубдары ойноору айтылып келген. “Алай” беттеш өткөрүүдөн баш тарткандыгы үчүн эми “Алганын” атаандашы кочкор-аталык “Нефтичи” болмокчу. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, үчүнчү ирет өтүп жаткан “Легенда кубогунун” өзгөчөлүгү - жыл сайын чет элдик атактуу футболчулардын катышуусунда өткөнүндө. Бул жолу кубокту жаңы ээсине Франциянын курамында 1998-жылы Дүйнө чемпиону, 2000-жылы Европанын чемпиону аталган футболчулар Юрий Жоркаефф менен Кристиан Карамбё тапшырат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lintel
2014-09-24 09:50:24
Алай командасын баркын кетирдиго бу оштун мери жакшылап спонсор болбойбу,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан