Бүгүн, 27-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында веложарышчы Евгений Ваккер күмүш байгени багынтты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка караганда, Евгений Ваккер жекелик жарышта 42 чакырым аралыкта өз күчүн сынап, 21 веложарышчынын ичинен экинчи орунду алган.
Айта кетсек, Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгындагы биринчи медаль. Ал эми Ваккер карьерасында Азия оюндарындагы алтынчы медалын утту. Буга чейин ал төрт күмүш, (1994, 2002, 2006, 2010-жылдары), бир ирет коло медаль тагынган (1998).