Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова коло байгени камсыздады. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка караганда, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 55 килограмм салмакта өз күчүн сынаган. Ал коло байге үчүн болгон беттеште түндүк кореялык Инсун Жонгду 5:1 эсебинде утуп алган.
Айта кетсек, бул Кыргызстандын спортчуларынын Азия оюндарынын алкагында уткан төртүнчү медалы. Буга чейин кыргызстандык балбандар Магомед Мусаев жана Эламан Догдурбек уулу медаль тагынган эле. Ал эми биринчи медалды веложарышчы Евгений Ваккер камсыздаган.