Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча кеңештин отуруму башталды. Иш-чара КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин жетекчилигинин алдында өтүүдө. Нарымбаевдин айтымында, жалпысынан 3 отурум (30-сентябрда, 7, 10-октябрда) өткөрүлмөкчү.
“Ушул отурумдарда Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, Кылмыш-жаза аткаруу кодекси, Жарандык-процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору талкууланат. Ал эми 14-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ушул мыйзам долбоорлору сунушталат”,- деди Нарымбаев.