11-октябрга карата Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49 сом 90 тыйынга чыкты. Бул бир күн мурунку баага салыштырмалуу 1 сом 10 тыйынга кымбат. АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 41 сом 90 тыйынды (кечээ 41 сом 20 тыйын болчу), АИ-95тин баасы 53 сом 20 тыйынды (кечээ 52 сом болчу) түзүп жатат. Дизель майынын баасы өзгөргөн жок, 43 сом 80 тыйындан сатылууда. Бензиндин баасы Бишкектеги май куюучу жайлардын дээрлик баарында көтөрүлдү.