Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата атайын белги менен кол сааттар чыгарылды

“Саякбай манасчы” коомдук фонду тарабынан залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата “Улуу Саякбай – 120 жыл” аттуу мааракелик 120 кол саат чыгарылды. Бул тууралуу аталган коомдук фонддун өкүлдөрү кабарлашты.

“Бул сааттар Саякбай Каралаевди жана анын руханий мурасын даңазалоого, жайылтууга кошкон зор салымы үчүн кыргызстандык жана чет элдик эр-азаматтарга жана айымдарга ыйгарылды” деп жазылат маалыматта. Маалым болгондой, сыйлык өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге, ЖКнын депутаты Карганбек Самаковго, КРнын Эл акыны Омор Султановго жана аталган коомдун мүчөлөрүнө, бир катар саясатчыларга, коомдук ишмерлерге берилген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jasi
2014-10-20 14:48:37
Конул кубантаарлык болуптур. Нукура саат :)
0
maugli
2014-10-20 18:41:01
baasy kancadan boldu eken?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан