Сүйүктүүсүн атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториус 5 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 21-октябрда сот сүйүктүүсүн атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториусту 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Оскар Писториустун ишин караган сот Токозиле Масипа спортчуну шарттуу түрдө 3 жылга жана абакта отурууга 5 жыл деп эркинен ажыратты. Өкүм окулуп жаткан учурда Писториус көзүнө жаш алган. Ал айыпталган берене боюнча 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылган эле. 
Эске салсак, сентябрь айында сот аны "атайылап өлтүрүү" беренеси боюнча актаган. Ошондой эле шектүү жабык эшик артында туруп адамды атайын өлтүргөнү боюнча күнөө далилденбегени маалымдалган. 
2013-жылы Сүйүшкөндөр күнүндө Оскар Писториус сүйгөнүн атып салганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери спортчунун үйүнөн анын сүйгөнү, 32 жаштагы Рева Стенкамптын 4 ок жеген жансыз денесин табышканда Оскар: «Ваннадан дабыш чыкканда ууру экен деп 4 ирет ок аткам»,- деген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arti
2014-10-21 17:20:01
Соттор дагы аны 5 жылга эркинен ажыраткан экен. Эгер бизде болсо актап эле коймок.
0
myrza80
2014-10-21 18:07:59
Ушуга да шугур дегин 15 жылга кетпей калыпсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан