Аба ырайы, 23-октябрь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт
23-октябрда түнкүсүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын менен Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +8°C
Талас облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +7°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +21°C, түнкүсүн +12°C