Айта кетсек, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен. Бул факты боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
“А.Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар” делинген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаевди жоопкерчиликке тартууну аталган комиссия сунуштаган.
Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган.