Ишкер Райкан Алкановду бычактап кетишти, ал оор абалда ооруканада

Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилди. Ишкерге дарыгерлер 4 сааттан ашык операция жасашып, абалы оор бойдон экени айтылууда. Алкановдун денесине бир нече жолу бычак сайылып, анын көптөгөн ички органдары жабыркаганын 26-октябрда укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 79 жаштагы Райкан Алканов 25-октябрда Талас облусунун 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага (Талас облусунда) катышкан. Катышуучулардын айтымында, салтанатта меценат көңүлдүү отурган, ырдап, бийлеген. Андан кийин ишкерди айдоочусу эс алуу үчүн үйүнө жеткирген. Ал эми эртеси, 26-октябрда ал  өзүнүн айдоочусу менен байланышып, тез келүүсүн айткан. Айдоочу ишкердин бычактан жаракат алганын көрүп, "Тез жардамды" чакырган. Бул туурасында милицияга саат 10:00 чамасында маалымат келип түшкөн. Муну Ички иштер министрлиги да тастыктады. Учурда Алкановдун абалы канаттандырарлык. Азыркы тапта кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралууда. 

Райкан Алканов - "Алканов жана компания" ЖЧКсынын президенти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
dinooou
2014-10-27 02:43:55
Кудай ааай каарыган кишини кыйнабай эле койбоптур өзү деле аз эле өмүрү калган экен. Өз ажалы менен кетмек((( Акыркы жылдары адамдар "ж.г.у.ю"болуп калышты.
+5
NurikAKSUU89
2014-10-27 08:02:59
акчан канча коп болсо, душманын ошочо коп болот.
-2
aykyz
2014-10-27 11:24:42
Алканов 82деби же 79дабы, ар кайсы булактар ар кандай малымат берип жатышат го.
+1
Lenin
2014-10-27 17:06:17
Аксакал кишиге кылынган бул даана акмактык жана наадандык. Канчалык душман болсон дагы мындай кылбаш керек.
+2
baiysh0704
2014-10-27 17:23:42
Дордойдо Алканов базарчасы ушул кишиники эмесби?
+2
bokochooo
2014-10-27 19:15:13
baiysh0704, dal oshondoida ))
0
nasi81
2014-10-27 20:28:02
Тезирээк сакайып кетсин. Аллахым шыпаасын берсин. Арам акчага жулунган кылмышкерлер кудайдан жазасын алсын. Азыркы сот прокурорлорго ишенич жок, кобуроок акча сунуш кылса тез эле актап коёт. Ошондуктан ушундай иштер кобойду
0
Bermet_Kasymova
2014-10-27 21:37:29
Кененирээк жазсанар. Жон жерден бычактабаса керек
+1
91mele
2014-10-28 00:51:29
ач отурсанда тынч отур
0
Ashurjan
2014-10-28 11:35:38
Jon jerden bychaktabasa kerek mumkun kaaryganyny bilbei jaw kyzdar menen jurup anan bychaktagandyr 16 jawtagy kyz kumon sanalyp jatyptyr
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан