Алмазбек Атамбаев казакстандык журналисттер менен маектешти

Бүгүн, 30-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга боло турган иш сапарынын алдында казакстандык журналисттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө өлкө башчы журналисттерге кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүү жана экономика, энергетика жана маданият тармактарында кызматташтыкты тереңдетүү боюнча пикирин айтты. 

Айта кетсек, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен А.Атамбаев 6-7-ноябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Иш сапардын алкагында өлкө башчы Кыргызстан жана Казакстандын 4-Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин отурумуна катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан