Маалыматка ылайык, 1-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Брестская, Волков, Владимировская, Кустанайская, Безымянная, Камчатская көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Ошондой эле Самарканд, Айни, Циолковский, Чукотская, Леваневский, Псковская, Нур-Ордо, Арпа, Солтон-Сары, Тойгонбаев, Осипенко, Исанов, Тюменская, Профессор Зима, Тоголок Молдо, Чүй-248, Мозолев, Средняя, Монгольский, Безымянная, Камчатская, Сухомлинов көчөлөрүнө жана Краснофлотский, Вилюйский, Кантский, Ленинопольский тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
2-ноябрда Лев Толстой-58, Арча-Бешик (Кара-Коо, Бах, Некрасов) конушунда трансформаторлордогу жана кабелдик чубалгылардагы оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.