Кадамжай шаарынын резервдик фондунан аз камсыз болгон 10 үй-бүлөнү көмүр менен камсыз кылуу боюнча акча каражаты бөлүнгөн эле. 2014-жылдын 31-октябрында Кадамжай шаарынан сатылып алынган көмүр тургундарга таратылды.
Шаардын вице-мэри Чыңгыз Тагаевдин айтымында, социалдык тармактарды күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү алып чыгуу максатында 22 тонна көмүр таратылды. Жалпысынан 180 миң сом акча каражаты сарпталып, быйылкы кышка даярдыгын маалымдады.