"Баткенде Жогорку Кеңештин эксперттик тобунун өкүлдөрүнө кол көтөрүү болуп жатыптыр". Муну парламенттин 12-ноябрдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз сатылган жерлерди текшерүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын эксперттик тобуна айыл өкмөт жетекчилиги кол көтөрүп жатат.
“Аймактардагы мыйзамсыз сатылып жаткан жерлерди текшерип чыгуу үчүн депутаттык комссия түзүп, Чүйдүн бир айыл өкмөтүн, Баткендин бир айыл өкмөтүн тандап алганбыз. Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүндө эксперттик топ иштеп жаткан. Бирок Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жетекчиси эксперттик топко кол көтөрүп, текшерүүгө жол бербей жатыптыр. Айыл өкмөттүн жетекчилери Жогорку Кеңештин токтомун тоготпой, кол көтөрүп жатканы кандай? Парламент айыл өкмөттүн деңгээлиндеги маселени чече албаса, эмне дегендик?”- деди ал.