Кыргызстанда болгон бүгүнкү жер титирөөнүн күчү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 7 баллга жетти. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына таянсак, жер силкинүүнүн күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.
Жер титирөөнүн очогу Кажы-Сай айылынан 17 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашканы айтылды.
"Азыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор болгон жок",- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.