Кылычбек Султанов Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды

Кылычбек Султанов Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 2014-жылдын 19-ноябрында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына К.Султановдун талапкерлигин бир добуштан жактырышкан.

Султанов Кылычбек Камчыевич:

1975-жылы 7-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган жана финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.

1996-2000-жылдары Кыргызстандагы ММКларда эмгектенген.

2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген.

2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору.

2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.

2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти.

2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.

2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри болуп иштеген.

2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси.

2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан