Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзамга каршы пикир жөнөттү

Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" КРнын мыйзамына каршы пикир жөнөттү. Бул тууралуу президенттик аппараттан бүгүн, 22-ноябрда кабарлашты.

“Кабыл алынган мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чек ара ыйгарым укуктууларынын саны мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Бирок "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктунда КРнын Өкмөтү "министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемасын жана чектик штаттык санын бекитет" деп белгиленген. Мында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" КРнын мыйзамынын 1-беренесинде "бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык жана башка категориядагы кызматчылардын жана кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өкмөт тарабынан аныкталат”,- деп каршы пикирде.

Ошентип, КРнын Өкмөтү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмүн бекитүү жана ишин уюштуруу боюнча өзүнүн милдетин ишке ашыруу менен бул маселелерди өзү аныктайт. Кабыл алынган мыйзамдын 7-беренесине ылайык, чек ара ыйгарым укуктууларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

КРнын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендиги каршы пикирде белгиленет.

“КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" жана "Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" КРнын мыйзамдары өкмөт каржылоо булагын аныктаганга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууга жол бербейт”,- деп айтылат маалыматта.

Кабыл алынган мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгү чек ара ыйгарым укуктууларына (жарандык персоналга) КРнын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды колдонууга жана алып жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ушуга байланыштуу КРнын мыйзамдарында, атап айтканда, «КРнын Чек ара кызматы жөнүндө», «Курал жөнүндө» мыйзамдарда, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик жоболорунда, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актыларда мамлекеттик органдын жарандык (жалданма) персоналы тарабынан ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу укугу аныкталбагандыгы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан