Жылнаама, 29-ноябрь: Мындан 23 жыл мурун Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов 48 жашында автокырсыктан каза тапкан

* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов автокырсыктан каза тапкан. Расмий билдирүүлөргө ылайык, өкмөт башчы республиканын түштүк райондорун кыдыруу маалында, Жалал-Абад-Ош жолундагы "Калинин" колхозунун аймагында премьердин жеңил машинасы жүк ташуучу машина менен кагышкан. Оор жаракат алган Н.Исанов эсине келбей, кырсыктан 17 мүнөт өткөндө көз жумган.
* Мындан 82 жыл мурун, 1932-жылы эки ирет Франциянын президенти болгон француз саясатчысы Жак Ширак Парижде туулган. Жаш кезинде коммунисттик идеяларга кызыгып, француз коммунисттеринин “Юманите” гезитин таркаткан учуру да болгон. Кийин оңчул партиялардын тарабына өткөн. 1977-жылдан 1995-жылга чейин Париждин шаар акими (мэри) болгон. Эки жолу премьер-министр кызматын аркалаган. 
Ширак - өлкөнүн 22-президенти. 1995-жылдан 2007-жылга чейин Францияны бийлеген. Анын тушунда Франция голлизм саясатын кайра жандандырып, АКШдан өзүн кыйла оолак тутууга умтулган. 2007-жылдан тартып ал Франциянын Конституциялык кеңешинин өмүр бою иштөөчү мүчөсү.
* Мындан 67 жыл мурун, 1947-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Палестинаны арабдардын жана жөөттөрдүн өлкөсүнө бөлүү планын кабыл алган. 
* Мындан 65 жыл мурун, 1949-жылы Чыгыш Германиядагы уран казуучу шахтада жарылуу болуп, 3700 киши каза болгон.
29-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Multicam
2014-11-29 00:30:20
Насирдин Исанов жонундо коп уккам. Аябай жакшы иш алып бара жаткан экен, атайын авто кырсык менен олтурулгон деген эле.
+5
Nurmuhammad
2014-11-29 05:33:34
Multicam, эхх!...нени айтасын кыргыз деп куйгон патриот инсандар жок болуп кетти!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан