Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына депутат Данияр Тербишалиевдин талапкерлиги сунушталууда. Муну SUPER.KG порталына 15-декабрда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров билдирди. Тербишалиевдин талапкерлигин учурда КДСП фракциясы жабык эшик артында карап жатат.
Эскерте кетсек, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Алиясбек Алымкулов эмгек, миграция жана жаштар министри, Канат Садыков билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулушкан.
Билим берүү жана илим министрлигине вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын талапкерлиги, ал эми бошой турган вице-премьер-министрлик кызматка депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги каралууда.