Депутаттар Кыргызстанга автоунаа ташуучулардын талабын кароону артка жылдырышты

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети кийинки аптада өлкөгө сырттан ташылып келчү унаалар жөнүндө маселени карайт. Комитет мындай чечимди 13-январдагы жыйынында кабыл алды. Жыйында комитет мүчөлөрү 2014-жылы ишкерлер сырттан көптөгөн унааларды ташып келип, бирок бажы төлөмдөрү кымбаттап кеткендиктен көйгөйлөр жаралып жатканын айтышты. “Автоунааларды ташып келип жаткан ишкерлердин 70 пайызы насыя алып иш кылышат. Ошон үчүн комитетте өкмөт менен биргеликте талкуулашыбыз керек. Өкмөт да өз позициясын билдирсин. Бул маселени тез арада чечпесек болбойт”,- дешти депутаттар.
Андан сырткары комитет доллардын курсунун көтөрүлүп жатышын да жыйында карайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан