"Эгер уулум табылып калса, бул кыздан да баш тартпайм" дейт "төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркайдын атасы

"Эгер уулум табылып калса, бул кыздан да баш тартпайм. Эки баланы тең багып алууга кудуретим жетет",- деп SUPER.KG порталына бүгүн, 14-январда "№4-төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркайдын атасы Кутман Мамадалиев билдирди. 
"Мен баламдан баш тарткан жерим жок, бирок жүрөгүм менен бул кыз биздин бала эмес экенин сезип жатам. Келинчегим да бул кыз биздин бала экенинен шек санап жатат. Себеби бала төрөлгөндө акушер "кыз төрөдүң" деп, бирок жыныс мүчөсүн көрсөткөн эмес. Бир нече убакыттан кийин бала сыртка 2 мүнөткө чыгарылган. Анан аялым мага чалып, "кыз төрөдүң деп, бирок көрсөтпөй сыртка чыгарып кетти" деди. Мен дароо үстүнө чыктым. Карасам ымыркай мен алып барган жалаяктарга эмес, башка жалаяктарга оролуп жатыптыр. Аялымдан сурасам, ал бала сыртка чыгарылгандыгын айтты. Анан биз ушул жерден шектенип жатпайбызбы. Дарыгерлер "кыздын чуркусу бар экенин көрүп, энеси чочулайт деп аны көрсөткөн эмеспиз" дешүүдө. Анын эмнеси бар? Ал да Кудайдын берген баласы, келинчегим андан неге коркмок эле? Анан айта турчу дагы бир жагдай бар, мен келинчегимди 9-январда кечинде алып келгенде аны 4-палатага жаткырган. Мен сыртка чыгып кийим-кечектерди алып келгиче аялымды лифттин жанындагы 7-палатага которуп коюптур. "Эмне себептен которгон?" деген суроого дале жооп таба албай келем",- дейт К.Мамадалиев. 
"Алмаштырылды" делген ымыркайдын атасынын айтымында, дарыгерлердин "бала оорукчан болгондугу үчүн ата-энеси андан баш тартууда" деген кеби чындыкка дал келбейт. 
"Биз баладан эч качан баш тартпайбыз. Бирок "ал алмаштырылган" деген нерсе жүрөгүмдү өйүп, тынчтык бербей жатат. Аялым төрөт үйүндө жатканда ага дарыгерлердин бири кирип, "анализ тапшырасың же биз силерди сотко беребиз" деп коркутуптур. Ошондой да болобу? Биз баланы сөзсүз экспертизадан өткөрөбүз. Бирок мен аны өзүмдүн каражатыма жана башка жактын адистерине гана көрсөтөм. Буга чейин балдарды сатып, алмаштырып жүргөн дарыгерлер анализди алмаштыра албайбы? Азыркы тапта келинчегим да аябай капаланууда. Ал азырынча үйдө дарыланып жатат. Баланын жанында таенеси бар",- дейт К.Мамадалиев. 
Анын айтымына караганда, туугандыкты аныктоочу ДНК анализи 2 миң доллардан 5 миң долларга чейин турат. Учурда ал анализден өтүү үчүн үй-бүлө чет элдик адис издөө менен алектенүүдө. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, экспертизанын жыйынтыгы менен бул окуяга чоң чекит коюлары же уланары анык.   
Жаңы төрөлгөн уул кыз балага алмаштырылганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
SULUU-KYZ
2015-01-15 01:50:13
Неге мынча ташбоорсунар врачтар!Каргыштан корккула!Аллах баарын коруп турат.Карапайым калкты сыздатпасанарчы!!!Неге окудунар эле,элге керегим тийсин деппи?же,жеп жутайын деппи?Арам тамак аш болбойт!Оз балдарынарды да ойлогула,анткени аларды адал,мандай тер менен тапкан акынарга баккыла.
0
anteya
2015-01-15 02:00:56
"Эч кандай далил жок, аялдын эле созу" дегени кандай.Сот боло электе эле далилдей албайсынар дегенчелик кылып атса, башынан даярданып алышкан да, кантип абалдан жазасыз чыгуусун!
+1
Manasemetei
2015-01-15 03:35:26
menin kelin4egim rossiada torogon.torowu menen balany ustuno jatkyryp koiot eken e4 jaka alyp 4ykkan emes eken.jakwy karait jakwy bagat.mamilesi jakwy.kantse da rossia Rossiada.balany koluna beret eken daiyma enesi janynda bolot eken ene mn bala
0
Manasemetei
2015-01-15 03:47:46
rossiada kelin4egimden kop jolu uzige tuwkon.ki4ine malynda .kiiin ki4ine 4onoiup kalganda torotko az kalganda da tuwkon.ar uzisinde erkek dep aitkan.uul torodu.uzi ge men iwenip kaldym.kelin4egim kyinalyp torodu birin4i balam u4un.birok eesi oogon jok torowu mn maga 4algan.10don bawtap tunku saat 23.00do torodu
0
Ханбийке
2015-01-15 05:13:45
Чурку деген эмне, тушундуруп койгулачы???
0
Azura
2015-01-15 07:41:54
Ханбийке, грыжа
0
Azura
2015-01-15 07:37:49
Орустардын коп сериялуу "Хорошие руки" деген киносу эске тушот... баарынарга кенеш берем.корсонор.жакшы кино.
Ар ким оз жазасын алат.жашоо деле ошол...
0
Patron
2015-01-15 10:13:31
Жаны торолгон бала билинет да.Башка балага алмаштырып коюш деле оной эмес.Ким эле оз баласын башка бир балага алмаштырат. Кудай деш керек да.
0
erika8982
2015-01-15 10:18:23
Ушул тороткананын чуусу эч токтобойт экен да эмне учун бийликтегилер ушундай ишке чекит койуп койсо болбойбу аа. кудайдан коркпогон немелер экен да.пусть говориятка кайрылыш керек.
0
nurzat.71
2015-01-15 11:50:12
Эмне учун ушундай окуялар кайталанып жатат.Эмне учун медиктерге чара колдонушпайт.Гипократтын анты урсун мындай акмактарды.эмне учун? эмне у-н? эмне у-н? деген суроого качан канаттандырарлык жооп алабыз.
0
Bakulya79
2015-01-15 13:58:50
ДНКсы чыкмайынча мен эч бир нерсени айталбайм.Айтыш да кыйын.
0
B.roza
2015-01-15 17:21:49
Врачтардын коркутуп суйлогонуно караганда бир мандем бар сыяктуу.Негизи боюнда бар кезде допплер жасатуу керек эле.Баланын оорусу барбы жокпу коруп беришмек.Коркпостон озунор днк жасаышыныздар керек.кандай болсо да аныгы билинип конулунор тынч болот.Врачтар ак болсо силерди коркутпай оздору кызыкдар болуу керек эле.Артка кайтпай созсуз жасаткыла.
0
B.roza
2015-01-15 17:26:18
ДНК анализин башка ишенчиликтуу жерден озунор гана жасаткыла.Адамда бир куном саноопайда болсо алулана берет.Жараткан силерге жардам берсин!!!
0
Deniza88
2015-01-15 20:38:47
Ушу Врачтар # 1 коррупционерлер..
0
Ular91
2015-01-15 23:39:12
Назгул Чыныбаева жалган суйлоп жатсаныз озунузго кыйынго деп ойлойм. ДНК откоргондон кийин билинетко куто турайлы.
0
Aksy-13
2015-01-17 14:39:52
жаны торолуп аткан бобокко эски жалаяк алпармак беле. эски болсо деле озунукуно орошот элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан